«КЫРГЫЗТЕСТ» МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ ОНЛАЙН ТЕСТ ӨТКӨРӨТ

  2020-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында Мамлекеттик тил күнүнүн урматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси онлайн түрүндө тест өткөрөт.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, БӨУ өкүлдөрү жана бардык каалоочулар чакырылат.

Ошондой эле тестке Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлеринин онлайн катышуусу каралган.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик тил боюнча тестте лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно алуу, маалыматты угуп жана окуп түшүнө билүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу көндүмдөрү бааланат.

Тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга тиешелүү деңгээлдеги Сертификат берилет.

Иш-чаранын жүрүшүн “Кыргызтесттин” вебсайтынан онлайн режиминде көрүүгө болот.  

 

Өткөрүү орду: К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы

Өткөрүү убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин

Байланыш телефондору: 0(312)886917, 0(550)551214

You may also like...