«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу ишин улантууда

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу тест тапшыруучуларга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында 25-майдан 15-июнга чейин Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында иш сапарда болуп келди. Кыргызстандын түндүк аймагы үчүн тест Ысык-Көл облусунун  Балыкчы шаарында жана түштүк аймагы үчүн Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлдү.

         Көчмө топто тест тапшыруучулардын басымдуу бөлүгү Жергиликтүү өзүн алдынча башкаруу органдарынын айыл өкмөттөрүнө талапкерлер болуп, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер да катышышты.     Тестке Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан 377 талапкер, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан 118 талапкер, жалпысынан 495 талапкер катышты. Шайлоого каралган мөөнөттөрдүн тардыгына байланыштуу, тест жыйынтыктары ошол эле күнү чыгарылып, тизмеси БШКга жөнөтүлүп жатты.

       Көчмө топто уюштурулган мамлекеттик тил боюнча тестке Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун, Таш-Көмүр шаарынын, Ош облусунун Алай, Кара-Суу райондорунун мамлекеттик кызматкерлери жана Ош Мериясынын, Ош администрациясынын кызматкерлери активдүү катышышты.

         Ош шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тест алуу 15-июнда токтотулду.

You may also like...