«КЫРГЫЗТЕСТ» ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

       Бүгүн, 2020-жылдын 22-декабрында, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши менен таанышып чыкты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева  мамлекеттик тилди ар тараптан колдоо жана өркүндөтүү мамлекетти өнүктүрүүдөгү негизги фактор экендигин белгиледи.   

Вице-премьер-министр «Кыргызтест» системасы менен кеңири таанышып «Жазуу», «Сүйлөө» субтесттери боюнча тест тапшырып, жогорку көрсөткүчтөргө  ээ болду.

Э.Ж. Сурабалдиева «Кыргызтест» системасынын толук санариптештирилгенине баа берип, мекеменин жамаатына ийгилик каалады.

You may also like...