КЫРГЫЗТЕСТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси жарандарыбыздын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мерчемделген тесттер менен бир катар тестти онлайн тартибинде да активдүү жүргүзүүдө.

Аталган онлайн тартибиндеги тестти 2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлери тапшырышты.

2021-жылдын 4-январынан 24-мартына чейин жалпысынан 175 адам (мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана аталган кызматка талапкерлер) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча каалоосун билдиришип, тест тапшырышты.

You may also like...