ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО ИНДИКАТОРУ: «ЖАЗУУ»
ИНДИКАТОР САМООЦЕНКИ: «ПИСЬМО»

13

Өзүм, үй-бүлөм, окуум, кызматым, өлкөм жөнүндө жеке маалыматты колдонуп, түрдүү бланктарды толтура алам.
Могу заполнять разные бланки, используя личные данные о себе, семье, учёбе, работе и своей стране.

2

Жашаган жерим, үй-бүлөм, кызматым, окуум жана тааныштарым жөнүндө жөнөкөй сөздөрдү колдонуп, кыскача кат жаза алам.
Могу писать простые письма о себе, семье, работе, месте проживания и о знакомых, используя простые слова.

3

Ачык катта жөнөкөй сөздөр менен куттуктоо жаза алам.
Могу писать короткие пожелания в поздравительных открытках.

4

Күн тартибимди жана жумалык иш планымды жөнөкөй сөздөр менен жаза алам.
Могу составлять простыми словами свой еженедельный план и распорядок дня.

5

«Үй-бүлөм», «Окуум», «Кызматым», «Досторум», «Мекеним» жана башка темалар боюнча кыскача текст түзө алам.
Могу составлять короткие тексты на темы «Моя семья», «Учёба», «Работа», «Друзья», «Родина» и т.д.

6

Тааныштарым менен электрондук кат аркылуу өтүнүч, сунуш, чакыруу жана ыраазычылык жаза алам.
Могу переписываться по электронной почте со знакомыми, выражая просьбу, предложение, приглашение и благодарность.

7

Күндөлүк окуялар, кызматым, окуум жана жеке тажрыйбам жөнүндө кыскача баяндама жаза алам.
Могу
писать короткие рассказы об учёбе, работе, личном опыте и повседневных событиях.

8

Келечектеги пландарым жана каалоолорум, эс алуум жөнүндө кыскача жазып бере алам.
Могу писать коротко о своём отдыхе, планах на будущее и пожеланиях.

9

Жөнөкөй маселелер боюнча так мүнөздөмө бере алам жана жакында болгон окуяны сүрөттөй алам.
Могу описать в письменной форме недавно произошедший случай и дать точную характеристику простой ситуации.

10

Кесиптик, расмий-иштиктүү терминдерди колдонуп, жөнөкөй иш кагаздарын жана кыска таржымал жаза алам.
Могу составлять простые деловые бумаги и короткое резюме, используя официально-деловые, профессиональные формулировки.

11

Күнүмдүк-тиричиликтик чөйрөгө байланыштуу кулактандыруу жаза алам.
Могу писать объявления, связанные с повседневно-бытовыми обстоятельствами.

12

Көргөн фильм, окуган китептин сюжетин жөнөкөй сөздөр менен кыскача баяндап жаза алам.
Могу описывать коротко и простыми словами сюжет прочитанной книги или просмотренного фильма.

13

Тиешелүү суроолор боюнча мамлекеттик мекемелерге кат аркылуу кайрыла алам.
Могу обращаться письменно в государственные учреждения по определённым вопросам.

14

Өмүр баянымды толук жаза алам.
Могу составить полный текст автобиографии.

15

Өз тажрыйбам жана таасир калтырган нерселер жөнүндө далилдөөлөрдү келтирип, кыскача баяндама жаза алам.
Могу написать короткий рассказ о своем жизненном опыте и впечатлениях, приведя доказательства.

16

Окуянын себебин, шартын, кырдаалын, натыйжасын чагылдырып, чакан макала жаза алам.
Могу писать небольшие статьи, отображающие причины, условия, ситуации, результаты разных событий.

17

Расмий жыйындардын протоколун түзө алам.
Могу составлять протоколы официальных заседаний.

18

Көргөн фильм же окуган көркөм чыгарманын негизинде корутунду чыгарып, ырааттуу баяндама жаза алам.
Могу писать последовательные тексты с выводами о сюжете прочитанного художественного произведения или просмотренного фильма.

19

Жыйын, кеңешме, отурумдарда актуалдуу темалар боюнча аргумент, далилдөө келтирүү аркылуу сунуштама жаза алам.
Могу писать на собраниях, советах, заседаниях свои предложения по актуальным темам, представляя доказательства и аргументы.

20

Кызматыма байланыштуу доклад, расмий маалымдама, кызматтык кат түзө алам жана илимий ишке рецензия жаза алам.
Могу готовить связанные с работой доклады, официальные справки, служебные письма и писать рецензии к научным работам.


Белгиленгендер: 0