ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО ИНДИКАТОРУ «ЖАЗУУ»
ИНДИКАТОР САМООЦЕНКИ «ПИСЬМО»

1

Өзүм, үй-бүлөм, окуум, кызматым, өлкөм, жөнүндө жеке маалыматты колдонуп, түрдүү бланктарды толтура алам.
Могу заполнять разные бланки, используя личные данные о себе, о семье, об учёбе, о работе и о своей стране.

2

Жашаган жерим, үй-бүлөм, кызматым, окуум жана тааныштарым жөнүндө жөнөкөй сөздөрдү колдонуп кыскача кат жаза алам.
Могу писать простое письмо о себе, о семье, о работе, о месте проживания и о знакомых, используя простые слова.

3

Ачык катта жөнөкөй сөздөр менен куттуктоо жаза алам.
Могу писать короткие пожелания в поздравительных открытках.

4

Күн тартибимди жана жумалык иш планымды жөнөкөй сөздөр менен жаза алам.
Могу составлять свой еженедельный план и расписывать ежедневное расписание.

5

«Үй-бүлөм», «Окуум», «Кызматым», «Досторум», «Мекеним» жана башка темалар боюнча кыскача текст түзө алам.
Могу составлять краткие тексты на такие темы, как «Моя семья», «Учёба», «Работа», «Друзья», «Родина» и т.д.

6

Тааныштарым менен электрондук кат аркылуу өтүнүч, сунуш, чакыруу жана ыраазычылык жаза алам.
Могу переписываться по электронной почте со знакомыми, выражая просьбу, предложение, приглашение и благодарность.

7

Күндөлүк окуялар, кызматым, окуум жана жеке тажрыйбам жөнүндө кыскача баяндама жаза алам.
Могу кратко писать письма об учёбе, о работе, о личном опыте, о повседневных событиях.

8

Келечектеги пландарым жана каалоолорум, эс алуум жөнүндө кыскача жазып бере алам.
Могу кратко писать о своём отдыхе, о своих планах на будущее и пожеланиях.

9

Жөнөкөй маселелер боюнча так мүнөздөмө бере алам жана жакында болгон окуяны сүрөттөй алам.
Могу давать характеристику простым проблемам и описывать недавно произошедшие ситуации в письменной форме.

10

Кесиптик, расмий-иштиктүү терминдерди колдонуп, жөнөкөй иш кагаздарын жана кыска резюме жаза алам.
Могу писать простые деловые бумаги и короткое резюме, используя официально-деловые, профессиональные формулировки.

11

Күнүмдүк-тиричиликтик чөйрөгө байланыштуу кулактандыруу жаза алам.
Могу писать объявления, связанные с жизненно-бытовыми обстоятельствами.

12

Көргөн фильм, окуган китептин сюжетин жөнөкөй сөздөр менен кыскача жаза алам.
Могу кратко простыми словами писать сюжет прочитанной книги или просмотренного фильма.

13

Тиешелүү суроолор боюнча мамлекеттик мекемелерге кат аркылуу кайрыла алам.
Могу обращаться в государственные учреждения по соответсвующим вопросам посредством писем.

14

Өмүр баянымды толук жаза алам.
Могу составлять полный текст автобиографии.

15

Өз тажрыйбам жана таасир калтырган нерселер жөнүндө далилдөөлөрдү келтирип, кыскача баяндама жаза алам.
Могу писать короткий рассказ о своем жизненном опыте и о своих впечатлениях, приведя доказательства.

16

Окуянын себебин, шартын, кырдаалын, натыйжасын чагылдырып, чакан макала жаза алам.
Могу писать небольшие статьи, отображающие причины, условия, ситуации, результаты разных событий.

17

Расмий жыйындардын протоколун түзө алам.
Могу составлять протоколы официальных заседаний.

18

Көргөн фильм же окуган көркөм чыгарманын негизинде корутунду чыгарып, ырааттуу баяндама жаза алам.
Могу писать последовательный рассказ о сюжете прочитанной книги или просмотренного фильма.

19

Жыйын, кеңешме, отурумдарда актуалдуу темалар боюнча аргумент, далилдөө келтирүү аркылуу сунуштама жаза алам.
Могу писать на собраниях, советах, заседаниях свои предложения по актуальным темам, представляя доказательства и аргументы.

20

Кызматыма байланыштуу доклад, расмий маалымдама, кызматтык кат түзө алам жана илимий ишке рецензия жаза алам.
Могу готовить доклады, официальные справки, служебные письма, связанные с работой и писать рецензии к научным работам.


Белгиленгендер: 0