ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО ИНДИКАТОРУ «ОКУУ»
ИНДИКАТОР САМООЦЕНКИ «ЧТЕНИЕ»

1

Жөнөкөй сөздөр менен жазылган сүрөттүү плакат, кулактандыруу, кат, смс билдирүү, жарнамаларды окуп түшүнөм.
Понимаю написанные простыми словами разрисованные плакаты, объявления, письма, оповещения, рекламные объявления, смс сообщения.

2

Күнүмдүк турмуштагы (коомдук жерлерде) кыска, жөнөкөй нускама жана маалыматтардын маанисин түшүнөм.
Понимаю в повседневной жизни (в общественных местах) содержание коротких и простых инструкций и информаций.

3

Кызматыма же окуума тиешелүү негизги терминдерди, жөнөкөй сөздөр менен жазылган өтүнүч, сунуш, талап, кайрылуу жана кыска маалыматтарды түшүнөм.
Понимаю связанные с моей учёбой или работой основные термины, написанные простыми словами просьбы, предложения, требования, обращения и содержание кратких информаций.

4

Жөнөкөй сөздөр менен жазылган кызматтык кат, арыз, кайрылуулардын негизги мазмунун түшүнөм.
Понимаю основное содержание служебных писем, заявлений, обращений, написанных простыми словами.

5

Кызматыма же окуума тиешелүү маалыматты гезит, журнал, китеп жана интернеттен таба алам.
Могу находить нужную мне по учёбе или по работе информацию из газет, журналов, книг и интернета.

6

Белгилүү бир нерсени пайдалануу үчүн так көрсөтмөлөрдү түшүнөм жана корутунду жасай алам.
Понимаю точные указания для использования определенного предмета и могу сделать заключение.

7

Түрдүү темадагы чакан макала, аңгемелердин негизги маанисин түшүнөм.
Понимаю основное содержание небольших статей и рассказов на различные темы.

8

Кызматыма же окуума тиешелүү буклет, бланк, кыска расмий документтерди жана жеке мүнөздөгү каттарды түшүнө алам.
Понимаю буклеты, бланки, краткие официальные документы и письма личного характера, связанные с моей учёбой или работой.

9

Күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик темалардагы чакан макалалардын маанисин түшүнөм.
Понимаю содержание небольших статей на повседневные, социально-культурные, учебные и профессиональные темы.

10

Белгилүү тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты массалык маалымат каражаттарынан таап, колдоно алам.
Могу найти и использовать информацию в средствах массовой информации для выполнения определенной задачи.

11

Белгилүү темага арналган маалымат, макаладагы автордун көз карашын аныктай алам.
Могу понимать информацию на заданную тему и определять взгляд автора.

12

Мааниси ачык көрсөтүлгөн тексттеги кайчылаш ой-пикирлерди ажырата алам.
Могу различить противоположные мнения, открыто показанные в тексте.

13

Кыргызча сөздүктөрдө берилген термин, аныктамаларды толук түшүнөм жана колдоно алам.
Могу полностью понимать и использовать термины, определения, данные в словарях кыргызского языка.

14

Көлөмдүү тексттердеги автордун көз карашын жана андагы фактыларды далилдөөчү негизги логикасын баамдай алам.
Могу понимать позицию автора в объёмных текстах и могу оценить основную логику доказательств имеющихся фактов.

15

Социалдык, кесиптик жана илимий маселелерге тиешелүү көлөмдүү жана татаал тексттерди, көрсөтмөлөрдү түшүнөм.
Понимаю смысл объёмных и сложных текстов, указаний на социальную, профессиональную и научную темы.

16

Кесибиме тиешелүү атайын макалаларды кыйынчылыксыз түшүнөм жана колдоно алам.
Могу без затруднения понимать и использовать специальные статьи, относящиеся к моей профессии.

17

Массалык-маалымат каражаттарынан маанилүү тексттерди таап, кабар, жаңылыктын өзөктүүлүгүн белгилей алам.
Могу находить важные тексты из материалов средств массовой информации и могу выделять значимые сообщения, новости.

18

Диалектилик өзгөчөлүктөрү бар, структуралык жактан татаал, ар кандай көлөмдөгү адабий тексттерди түшүнөм.
Понимаю художественные тексты разного объема, сложной структуры с различными диалектными особенностями.

19

Илимий-техникалык, коомдук-саясий, руханий, маданий жана жалпы адамзаттык маселелерди чагылдырган тексттерди толук түшүнөм.
Понимаю содержание текстов, отображающих научно- технические, общественно-политические, духовные, культурные и общечеловеческие задачи.

20

Илимий изилдөөлөр боюнча рецензия, аннотация, корутундулардын маанисин түшүнөм жана бүтүм чыгара алам.
Понимаю содержание рецензий, аннотаций, заключений по научным исследованиям и могу самостоятельно выносить решения.


Белгиленгендер: 0