ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО ИНДИКАТОРУ «CҮЙЛӨӨ»
ИНДИКАТОР САМООЦЕНКИ «ГОВОРЕНИЕ»

1

Өзүмдү тааныштырып, белгилүү темалар боюнча суроолорго кыскача жооп бере алам жана жөнөкөй сөздөр менен маалымат сурап биле алам.
Могу представляться, коротко отвечать на вопросы по известным мне темам и узнавать информацию простыми словами.

2

Коомдук жайларда колдонулуучу этикеттик сөздөрдү пайдаланып, убакыт, дарек ж.б жөнүндө суроо бере алам жана ыраазычылык билдире алам.
Могу задавать простые вопросы об адресе, времени, используя этикетные слова употребляемые в общественных местах и выражать благодарность.

3

Иштеген, окуган, жеримди жана аткарган кызматымды, кесиптештеримди жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөп бере алам.
Могу описать простыми словами, место учебы/работы, свои служебные обязанности и коллег.

4

Кыргызстандын кооз жерлери, аба-ырайы, жыл мезгилдери жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен кыскача айтып бере алам.
Могу коротко рассказывать простыми словами о красивых местах Кыргызстана, о погоде, о временах года.

5

Телефон аркылуу кыскача маалымат сурай алам жана өтүнүч, сунуш, каалоо-тилектеримди жөнөкөй сөздөр менен билдире алам.
Могу спрашивать по телефону короткую информацию и выражать простыми словами просьбу, предложение, пожелания.

6

Коомдук жерлерде суроо берип, бир нерсени өз алдымча сатып ала алам жана керектүү буюмумду жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөй алам.
Могу в общественных местах задать вопрос и самостоятельно купить что-нибудь, а также простыми словами могу описать нужную мне вещь.

7

Көчөдө коомдук унаа тууралуу маалымат сурап биле алам жана этикеттик кайрылууларды колдоно алам.
Могу на улице спросить об общественном транспорте и употребить этикетные выражения.

8

«Кызматым», «Кесиптештерим», «Эс алуум», «Мекеним» ж.б. сыяктуу темаларда сүйлөшүп, өз ой-пикиримди жөнөкөй сөздөр менен кыскача билдире алам.
Могу беседовать на темы: «Моя работа», «Мои коллеги», «Мой отдых», «Моя Родина» и коротко простыми словами выражать свои мысли.

9

Тааныш тема боюнча кыскача доклад түзүп, презентация жасап, суроолорго жооп бере алам.
Могу составлять короткие доклады на знакомую мне тему, составлять презентацию и отвечать на вопросы.

10

Күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик темаларда сүйлөшүп, көз карашымды билдире алам.
Могу беседовать на повседневные, социально-културные, учебные и профессиональные темы и выражать свою точку зрения.

11

Мааниси ачык көрсөтүлгөн тексттеги автордун көз карашын жана кайчылаш ой-пикирлерди талкуулоодо жөнөкөй сөздөр менен оюмду билдире алам.
Могу при обсуждении взгляда автора и противоположных мнений в текстах открытого типа простыми словами выражать срое мнение.

12

Тааныш тема боюнча интервью берип, зарыл учурда айрым нерселер жөнүндө кененирээк айтып бере алам.
Могу давать интервью на знакомую мне тему, в необходимых случаях о некоторых вещах рассказать шире.

13

Маектин багытын, темасын өзгөртүп, кубаттоо, колдоо, көңүл айтуу, тыюу салуу, каршы же арсар болуу, кепилдик берүү, ынандыруу ж.б. ниеттерди ишке ашыра алам.
Могу при обсуждении изменить направление беседы, тему осуществить в деле поддержку, соболезнование, запрет, быть против или воздержаться, дать гарантию или убедить.

14

Талаш туудурган суроолорду чечүүдө жалпыга жеткиликтүү, таасир этүүчү аргументтерди келтирип, оюмду толук билдире алам.
Могу в решении спорных вопросов выражать свои мысли, приводя влияющие аргументы, доступные всем.

15

Ар кандай темалар боюнча сүйлөшүүдө ички сезимдеримди жеткире алам. Бир нече адамдын талкуусуна катышып, кызыктуу сүйлөшүүгө аралаша алам.
Могу выражать внутренние чувства при беседе на различные темы, участвуя при обсуждении группы людей, могу вмешаться в интересную беседу.

16

Социалдык, кесиптик жана илимий маселелерге тиешелүү негизделген көрсөтмөлөрдү (тактоо, далилдөө) бере алам.
Могу давать обоснованные указания (уточнения, доказательства), касающихся социальных, профессиональных и научных вопросов.

17

Расмий иш-чараларда эл алдында таасир этүүчү кайрылууларды же куттуктоолорду эркин айта алам.
Могу выступать с обращениями или поздравительной речью на официальных мероприятиях.

18

Массалык маалымат каражаттары чагылдырган илимий-техникалык, коомдук-саясий, руханий, маданий жана жалпы адамзаттык маселелер темасында пикир алышууга катыша алам.
Могу принимать участие в обмене мнений в беседах на научно-технические, общественно-политические, духовные, культурные и общечеловеческие темы, отображенные в средствах массовой информации.

19

Көргөн фильм же окуган көркөм чыгарманын негизинде корутунду чыгарууда тиешелүү макал-ылакаптарды кеңири колдоно алам.
Могу на основе просмотренного фильма или прочитанного произведения, делая заключение широко использовать нужные пословицы и поговорки.

20

Илимий, коомдук-маданий, социалдык маселелердин өзөктүүлүгүн далилдеп, негизделген аргумент келтирип, сунуштама, корутунду чыгара алам.
Могу, доказывая значимость научных, общественно-культурных, социальных вопросов, приведя обоснованные аргументы, сделать предложение, заключение.


Белгиленгендер: 0