МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ - "КЫРГЫЗТЕСТ" мамлекеттик мекемеси

МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ

МОБИЛДИК ТИРКЕМЕНИ КӨЧҮРҮҮ

Урматтуу www.kyrgyztest.gov.kg сайттын колдонуучулары!

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине карата  Сиздер үчүн мамлекеттик тил боюнча мобилдик колдонмо иштеп чыкты.

Максаты:

  • мамлекеттик тилди колдонуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
  • тил үйрөнүүчүлөрдүн өз алдынча иштөөсүнө шарт түзүп берүү;
  • тил үйрөнүү  процессин жеңилдетүү;
  • коомчулукта санариптик ыкмаларды колдонууну жайылтуу;
  • мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу.


Урматтуу биздин сайттын колдонуучулары!

       Бул мобилдик колдонмо Сиздерге арналат!  

       Тиркемеде Кыргызтест системасына ылайык А1 деңгээлиндеги тапшырмалар:

  • «Лексика.Грамматика», «Окуу», «Угуу» субтесттери боюнча тесттер;
  • «Сүйлөө», «Жазуу» субтесттери боюнча көнүгүү иштери камтылды.

       Мамлекеттик  тилди үйрөнүүдө Сиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз!

       Урматтоо менен,
Мобилдик колдонмонун автору: Топоева- Ставинская Батма Болоталиевна;

Программдык коштоочулар: Супибекова Алтынай Казакбаевна жана Алимбек уулу Кубатбек

 

Колдонмо патенттелген. Көчүрмө жасоого тыюу салынат.

2019-жыл, «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси