«КЫРГЫЗТЕСТ» баамдоо тестин улантууда

2018-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жана КРнын ӨКМ караштуу жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жамааттары КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомунун алкагында жүргүзүлө турган тестке даярдык көрүү үчүн «Кыргызтесттин» баамдоо тестинен өтүштү.

         

Тестке 1-нөөмөттө “Бишкекжылуулукэнерго” мекеменин кызматкерлери (21-адам), 2-нөөмөттө КРнын ӨКМ караштуу жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери (7-адам) жана Муниципалдык мүлк башкармалыгынан (16-адам) «Кыргызтесттин» баамдоо тестинен өтүп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты. Заманбап талаптарга жооп берген тестке ыраазычылык  билдиришип, каалоо-тилектерин айтышты.

        

You may also like...