ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕН ТЕСТ ТАПШЫРДЫ

    2019-жылдын 19-октябрында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик тилибизди даңазалаган  дагы бир тарыхый окуя болуп өттү.  

    Эске салсак, мамлекеттик тилди билүү зарылдыгынын мааниси өтө жогору экендигине басым жасалган алгачкы тарыхый окуя 2017-жылы болуп өткөн. 

    Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин арасында  жүргүзүлгөн бул тесттен кийин өлкөбүздө мамлекеттик тилге болгон мамиле түп-тамырынан бери өзгөрүлө баштаган. 

    Мына, бул жолу  эне тилине таазим этип, өз демилгелери менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн мамлекеттик тил боюнча тест тапшырышы коомчулук тарабынан өзгөчө жылуу кабыл алынды.

    Өкмөт башчы С1 Жогорку деңгээлдеги тесттин бардык беш субтестинен эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болду. Ошондой эле Өкмөт мүчөлөрү да С1, В2 деңгээлдеринде тестти ийгиликтүү тапшырышып, «Кыргызтест» сертификаттарына татыктуу экендигин көрсөтүштү. 

    Адаттагыдай эле, «Кыргызтест» мекемесинин тартибине ылайык, 3 субтесттин жообу экранда дароо көрсөтүлүп, ал эми “Жазуу” жана “Сүйлөө” иштери эксперттер тарабынан аралыктан текшерилип жатты.

    Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда билим берүү системасына көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүлүп жаткандыгын, бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөөсүн, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттай тургандыгын баса белгиледи.

    Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, тилдин мындан ары өнүгүүсү  алгач анын мамлекеттик башкарууда, ошондой эле коомдогу бардык чөйрөлөрдө жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу.

    Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши менен таанышып, мында бекем тартип орнотулганына жана алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгына баа берди.

    Өлкө башчыларынын, ошондой эле тестке келип жаткан жарандардын ой-пикирлери, жылуу сөздөрү «Кыргызтест» жамаатын мындан ары да чыгармачылык менен талапка ылайык иштөөгө шыктандыра бермекчи!

You may also like...