СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ

СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгынын негизинде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон мамлекеттик кызматкерлерге сертификаттарды расмий тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ысык-Көл областынын Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө улантылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ысык-Көл областынын Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Эсенгул уулу Улан сөз сүйлөп, ийгиликке ээ болгон кызматкерлерди куттуктап жатты.
Бул иш-чарада областтын ар бир районунан келген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сертификаттарга ээ болушуп, учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде колго алынып жаткандыгын канааттануу менен белгилешип, ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

Ошондой эле бул расмий иш-чарада 2018-жылда тестти уюштурууга кошкон салымы үчүн жооптуу кызматкерлерге ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

You may also like...