СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ

СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ: ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы менен министрликтин кызматкерлерине сертификаттарды расмий тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде өткөрүлдү. Бул расмий иш-чарада министрликтин статс-катчысы У. И. Календеров сөз сүйлөп, учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, мындан ары да тилди билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн мекемеде бардык аракеттер жүргүзүлөрүн билдирди. У. И. Календеров Кыргызтесттин расмий сайтында «Кыргыз дүйнөсү» деген баракча ачуу аркылуу кыргыз улуттук баалуулуктары боюнча коомчулук менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштады. Мекеменин жамааты «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине ыраазычылыгын билдирди.

You may also like...