СЕРТИФИКАТТАРДЫ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

КЫРГЫЗТЕСТ: СЕРТИФИКАТТАРДЫ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ
2019-жылдын 14-мартында Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун негизинде 2018-жылы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Расмий иш чарада тестти С1 деңгээлине (Жогорку) тапшырып, эң жогорку балл топтогон жана мамлекеттик тилди жаңыдан үйрөнүп, тест боюнча мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 60 кызматкерине сертификаттар тапшырылды. Сертификат алгандардын ичинде Финансы министринин биринчи орун басары У.Т.Кармышаков жана Бишкек шаардык Мэриясынын вице-мэри М.В. Ситников да болушту.
Сертификатты расмий тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүү тарыхындагы бул саамалыктын маанисин, ордун, максатын чагылдырган баяндама жасоо менен, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская өз сөзүндө 2018-жылы жүргүзүлгөн тест боюнча маалымат берүү менен, «Кыргызтест» системасынын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга терең ыраазычылыгын билдирди.
Сертификатты расмий тапшыруу аземи «Кыргызтест» сайтында
(www.kyrgyztest.gov.kg) коомчулукка онлайн көрсөтүлдү.



You may also like...