Тест тапшыруучулардын чөйрөсү кеңейүүдө - "КЫРГЫЗТЕСТ" мамлекеттик мекемеси

Тест тапшыруучулардын чөйрөсү кеңейүүдө

2019-жылдын сентябрынан баштап «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси “Кыргыз Республикасынын айрым  мыйзам  актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Шаардын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) аттуу 2019-жылдын 8-августундагы №118 мыйзамынын 42,48 беренелерине ылайык шаар мэрлигине жана айыл өкмөттөрүнүн башчысына талапкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүп келет.