МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН МАЗМУНУ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОРТОДОН ЖОГОРУ

ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

  1. Ортодон жогору деңгээлдин алкагында жарандар күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланыш түзө билүүгө тийиш.
  2. ОРТОДОН ЖОГОРУ деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциялык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 6000 активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөздөрдү  камтыйт.
  3. Ортодон жогору деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр жана билгиликтер толук көлөмдө ишке ашырылат:
  • лексика жана грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;
  • түрдүү жанр, стилдеги текстти же маалыматты окуп, негизги жана көмүскөдө берилген (имплициттик) маалыматты түшүнө билүү;
  • белгилүү көлөмдө айтылган же окулган аудиотексттин же маалыматтын негизги маанисин түшүнө билүү;
  • кыргыз адабий тилинин нормаларын сактоо менен өзүнүн оюн расмий стилде оозеки түрдө айта билүү жана жазуу жүзүндө чагылдыра билүү.

Ортодон жогору деңгээлде кырдаалга жана аткарган кызматына жараша оозеки же жазуу жүзүндө таасир этүүчү мүнөздөгү кайры-
луулар менен жарандын эл алдында даярдыгы жок сүйлөй билүүсү ишке ашырылат.

Мамлекеттик тил боюнча «Кыргызтест» системасынын ортодон жогору деңгээлинин cертификаты кызматтык ишти аткаруу үчүн баарлашуунун бардык чөйрөлөрүндө жарандын коммуникативдик компетенциясынын кыйла бийик деңгээлде экендигин тастыктайт.

Ортодон жогору деңгээлде тилди жалпы өздөштүрүүгө жетишүү үчүн 380 окуу сааты талап кылынат. Ал эми кесиптик багытты өздөштүрүү үчүн 340 окуу сааты талап кылынат.