Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырышты

2018-жылдын 13-14-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан 24 мамлекеттик мекемесинин 259 кызматкери “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилден тест тапшырышты.

Аталган иш-чарага  райондун акими жана айыл башчылары толук катышып, жакшы жыйынтыктарга ээ болушту. Тест тапшырган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар кандай деңгээлдеги 5 субтесттен турган: “Лексика. Грамматика”, “Угуу”, “Окуу”, “Жазуу” жана “Сүйлөө” субтесттери боюнча тапшырмаларды аткарышты. Тест жүргүзүү процесси “Кыргызтест” сайтында түз көрсөтүлүп жатты.

Аймактын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргызтесттин көчмө тобунун мобилдүүлүгүн жана өз ишин мыкты билгендиктерин баса белгилөө менен тесттин талапка ылайык таза жана тынч жүргүзүлгөндүгү жана бардык шарттар камсыздалгандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Учурда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу өз ишин андан ары улантуу максатында Тоң районуна жол тартты.

You may also like...