Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасынын бет ачары өттү
Бүгүн, 2025-жылдын 13-февралында КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Инновациялык борбордо Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б. Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасынын бет ачары өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов жана мамлекеттик органдардын, министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Төрагаснын орун басары Сейдалиев Канат Шакирович ачып, сөздү Э.Байсаловго узатты.
Э.Ж. Байсалов өз сөзүндө өлкөбүздө мамлекеттик тилди үйрөтүүгө арналган эл аралык деңгээлдеги санариптик платформанын иштелип чыгышы чоң сыймык экенин белгилеп, буга чейин билим берүү, анын ичинде тилди үйрөтүү жаатында санариптик технологияларды колдонуу жүзөгө ашпай келгендигин, ушундан улам мамлекеттик тилди үйрөнүүнү каалоочуларга окуу колдонмолору, заманбап каражаттар жетишпей, мүчүлүштүктөр жаралып келгенин айтып, келечекте, биз бул платформаны тил үйрөнүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн мындан ары жакшыртуучу кошумча реалдуу курал катары бардык чөйрөлөрдө кеңири колдонуу керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде кыргыз тилди санариптик окутуу платформасынын автору Б.Б. Топоева-Ставинская окутуу платформасын түзүү максатына токтолуп, анда камтылган бөлүктөрдүн ар бирин мүнөздөп, аны иштеп чыгууга 30 жылдык мугалимдик тажрыйбасы, алты жылдык эмгеги жумшалгандыгын билдирди. Платформанын Баштапкы А1 деңгээли 4032 баракчадан турарын, ошондой эле мында 1063 лексикалык бирдик жана этикеттик сөз, 1164 сүрөт жана 2389 аудио жазуу камтылганын белгиледи.
Иш чаранын жүрүшүндө Б.Б. Топоева-Ставинская катышуучуларга Санариптик окутуу платформасынын ачкычын, башкача айтканда, кирүү QR кодун ачып берип, аны колдонуу ыкмасын көрсөттү.
Суроо-жооптордон кийин катышуучулар аталган платформаны колдонууга өтүштү.
Иш-чараны жыйынтыктап жатып, катышуучулар платформанын авторуна ыраазычылык билдирип, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө иштиктүү шарт түзүлгөнүн айтышты.














