«КЫРГЫЗТЕСТ» ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2020-жылдын 1-30-ноябрь аралыгында «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тил боюнча тестке жалпысынан 239 адам катышты.

Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлигин коюуну көздөгөндөр 62 адам болду.

Мындан сырткары бул аралыкта тестти онлайн тартибинде тапшыруу мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын аймактарынан 12 адам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Украина, Германия, Бельгия жана Швейцария өлкөлөрүндөгү  элчиликтеринен 21 кызматкер алышып, тестке катышышты.

Бардык тест тапшыруучулар 5 субтест боюнча тапшырма аткарып жатышты.

Тесттин жүрүшү толугу менен www.kyrgyztest.gov.kg сайтында онлайн көрсөтүлүп, тесттин жалпы жыйынтыгы сайтка чыгарылды.

Тест тапшыруучулар тарабынан тестти аралыктан тапшыруу учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалда абдан ыңгайлуу экени баамдалып жатты.

You may also like...