Биздин милдеттенме
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси коррупцияга жол бербөө саясатын карманат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо ачык, калыс жана бардык катышуучулар үчүн бирдей шартта, тартипте өтөт.
Тесттин жыйынтыгы катышуучунун өз жоопторуна гана жараша болот. Акча же башка пайда үчүн эч ким тесттен өткөрүп бере албайт, жыйынтыкты өзгөртө албайт жана сертификат бере албайт!
Эмнеге көңүл буруңуз
- Тест акысы банктын бөлүмүндө же кеңседе QR-код аркылуу гана төлөнөт. Кызматкерлер накталай төлөм алышпайт.
- Тесттен «сөзсүз өткөрүп берем» же «жыйынтыкты оңдоп берем» деп акча сураган адамдар — алдамчылар.
- Тест жыйынтыгын ушул сайттагы «Тест жыйынтыктары» бөлүмүнөн гана текшериңиз.
Коррупцияга туш болсоңуз
- Пара бербеңиз жана сунуштабаңыз: пара берүү да, алуу да мыйзамга каршы, алар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
- Эмне болгонун, качан, кайда жана ким менен болгонун жазып алыңыз.
- Ишеним телефонуна кайрылыңыз же укук коргоо органдарына билдириңиз.

