«ОКУУ» СУБТЕСТИ

«ОКУУ» СУБТЕСТИ: ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО БАРАКЧАСЫ

С1 В2 В1 А2 А1
20. Илимий изилдөөлөр боюнча рецензия, аннотация, корутундулардын маанисин түшүнөм жана бүтүм чыгара алам.          
19. Илимий-техникалык, коомдук-саясий, руханий, маданий жана жалпы адамзаттык маселелерди чагылдырган тексттерди толук түшүнөм.          
18. Диалектилик өзгөчөлүктөрү бар, структуралык жактан татаал, ар кандай көлөмдөгү адабий тексттерди түшүнөм.          
17. Массалык-маалымат каражаттарынан маанилүү тексттерди таап, кабар, жаңылыктын өзөктүүлүгүн белгилей алам.          
16. Кесибиме тиешелүү атайын макалаларды кыйынчылыксыз түшүнөм жана колдоно алам.          
15. Социалдык, кесиптик жана илимий маселелерге тиешелүү көлөмдүү жана татаал тексттерди, көрсөтмөлөрдү түшүнөм.          
14. Көлөмдүү тексттердеги автордун көз карашын жана андагы фактыларды далилдөөчү негизги логикасын баамдай алам.          
13. Кыргызча сөздүктөрдө берилген термин, аныктамаларды толук түшүнөм жана колдоно алам.          
12. Мааниси ачык көрсөтүлгөн тексттеги кайчылаш ой-пикирлерди ажырата алам.          
11. Белгилүү темага арналган маалымат, макаладагы автордун көз карашын аныктай алам.          
10. Белгилүү тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты массалык-маалымат каражаттарынан таап, колдоно алам.          
9. Күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик темалардагы чакан макалалардын маанисин түшүнөм.          
8. Кызматыма же окуума тиешелүү буклет, бланк, кыска расмий документтерди жана жеке мүнөздөгү каттарды түшүнө алам.          
7. Түрдүү темадагы чакан макала, аңгемелердин негизги маанисин түшүнөм.          
6. Белгилүү бир нерсени пайдалануу үчүн так көрсөтмөлөрдү түшүнөм жана корутунду жасай алам.          
5. Кызматыма же окуума тиешелүү маалыматты гезит, журнал,
китеп жана интернеттен таба алам.
         
4. Жөнөкөй сөздөр менен жазылган кызматтык кат, арыз, кайры-
луулардын негизги мазмунун түшүнөм.
         
3. Кызматыма же окуума тиешелүү негизги терминдерди, жөнөкөй сөздөр менен жазылган өтүнүч, сунуш, талап, кайрылуу жана кыска маалыматтарды түшүнөм.          
2. Күнүмдүк турмуштагы (коомдук жерлерде) кыска, жөнөкөй
нускама жана маалыматтардын маанисин түшүнөм.
         
1. Жөнөкөй сөздөр менен жазылган сүрөттүү плакат, кулактандыруу, кат, смс билдирүү, жарнамаларды окуп түшүнөм.