МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ

МОБИЛДИК ТИРКЕМЕНИ КӨЧҮРҮҮ

Урматтуу www.kyrgyztest.gov.kg сайттын колдонуучулары!

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине карата  Сиздер үчүн мамлекеттик тил боюнча мобилдик колдонмо иштеп чыкты.

Максаты:

  • мамлекеттик тилди колдонуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
  • тил үйрөнүүчүлөрдүн өз алдынча иштөөсүнө шарт түзүп берүү;
  • тил үйрөнүү  процессин жеңилдетүү;
  • коомчулукта санариптик ыкмаларды колдонууну жайылтуу;
  • мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу.

Урматтуу биздин сайттын колдонуучулары!

       Бул мобилдик колдонмо Сиздерге арналат!  

       Тиркемеде «Кыргызтест» системасына ылайык, А1, А2 жана В1 деңгээлдериндеги тапшырмалар:

  • «Лексика.Грамматика», «Окуу», «Угуу» субтесттери боюнча тесттер;
  • «Сүйлөө», «Жазуу» субтесттери боюнча көнүгүү иштери камтылды.

       Мамлекеттик  тилди үйрөнүүдө Сиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз!

       Урматтоо менен,
Мобилдик колдонмонун автору: Топоева- Ставинская Батма Болоталиевна;

Программдык коштоочулар: Супибекова Алтынай Казакбаевна жана Алимбек уулу Кубатбек

 

Колдонмо патенттелген.

2019-жыл, «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси