«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 30-ноябрынан тартып Каракол шаарында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тест жүргүзөт.
Мекемелер тест графигине туруу үчүн +996 (500) 22 77 70 телефон номери аркылуу кайрылса болот. Каалоочулар тестке жеринде электрондук талон алуу аркылуу кезеги менен киришет.
Кабыл алуу тартиби:
- 09:00дө — расмий кат менен кайрылып графикке турган мекемелер кезексиз киришет;
- 12:00дө — жандуу кезек тартибинде электрондук талон алуу аркылуу;
- 14:00–15:00 — бир же эки субтесттен өтпөй калган тест тапшыруучулар үчүн, электрондук талон аркылуу.
📍Дареги: Каракол шаары, К. Карасаев көчөсү, 235. Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залы, 2-кабат.
