ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ
Кадамдар
- 1
Тест өткөрүү тартиби
Тест алдын ала бекитилген графикке ылайык 2 нөөмөттө жүргүзүлөт. Мекемелер тест тапшыруу үчүн алдын ала расмий кат аркылуу кайрылуусу керек. Расмий кат менен кайрылган мекемелер бекитилген графикке ылайык кезексиз киришет. Тест тапшырууну каалаган жарандар жеринде электрондук кезекке катталып, жандуу кезек тартибинде тест тапшыра алышат. ➤ Биринчи нөөмөт — каттоо саат 09:00-09:40. ➤ Экинчи нөөмөт — каттоо саат 13:00-15:00.
- 2
Тестке кирүү үчүн талап кылынуучу документтер:
Паспорттун түп нускасы. Паспорт «Түндүк» системасы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлгөн учурда, кошумча түрдө төмөнкү документтердин бири талап кылынат: - паспорттун кагаз түрүндөгү көчүрмөсү; - айдоочулук күбөлүк; - же өздүгүн тастыктоочу башка документ. (Бул талаптар тестке башка адамдын кирүүсүнүн алдын алуу максатында коюлган).
- 3
Төлөм
Тест акысы: - Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн (биринчи тапшыруу) — акысыз. - Башка жарандар үчүн — 450 сом. Кайра тапшыруунун акысы: - 1 субтест – 90 сом. - 2 субтест – 180 сом. - 3 же андан көп субтесттен өтпөй калган учурда – 450 сом. Төлөм жүргүзүү жолдору: - Каалаган банктын бөлүмү аркылуу. - «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин кеңсесинде банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу QR-код менен.
- 4
Кайра тапшыруу
Эгерде сиз 1 же 2 субтесттен өтпөй калган болсоңуз, анда иш күндөрү саат 11:00дө же 15:00дө келип, өтпөй калган субтесттерди гана кайра тапшыра аласыз. Кайра тапшыруунун акысы: 1 субтест – 90 сом. 2 субтест – 180 сом. Эгерде сиз 3 же андан көп субтесттен өтпөй калган болсоңуз, анда тестти толугу менен кайрадан тапшырууңуз зарыл. Толук тестти кайра тапшыруунун акысы – 450 сом. Тестке кирүү үчүн паспорттун түп нускасы болушу зарыл.
