КЫРГЫЗТЕСТ: 18-МАЙ

2018-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын мамлекеттик кызматкерлери  “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде тест тапшырышты,  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.

Жалпысынан бул мекемелерден тестке 114 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Тест үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар  адаттагыдай эле тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

Тесттин жүрүшү толугу менен www.kyrgyztest.gov.kg сайтында онлайн көрсөтүлүп турду

        

You may also like...