«КЫРГЫЗТЕСТ»: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

          Бүгүн, 2023-жылдын 4-декабрында Нарын облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүлө баштады. Тестке Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынан 25 кызматкер тест тапшырды.

          Мобилдик тест Нарын шаары, Ленин көчөсү, 127 дарегинде жайгашкан Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин ресурстук борборунда өтүп жатат. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 700 117 119 телефону аркылуу алууга болот.

          2023-жылдын 27-ноябрь-1-декабрь күндөрү «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Биринчи май финансы башкармалыгынын, «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын, КР Ички иштер министрлиги, милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү. Жалпысынан 208 кызматчы тестке катышты.

You may also like...