КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

2023-жылдын 15–19-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окутуучулары мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

«Кыргызтесттин» көчмө тобу Ысык-Көл облусунда мобилдик тест жүргүзүүнү улантууда. 16–19-июль күндөрү Каракол шаарында Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын Түп райондук бөлүмүнүн, Каракол шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаарындагы бөлүмүнүн, Улуттук статистикалык комитетинин Каракол шаардык статистика башкармалыгынын, Каракол шаардык ветеринардык башкармалыгынын, Каракол шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү.

Жалпы 386 адам тест тапшырды.

You may also like...