ТАЛАС ЖАНА БИШКЕК ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

2024-жылдын 03 – 08-июнь күндөрү Талас шаарындагы мобилдик тестке  Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын, Айтматов райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, Айтматов райондук статистика бөлүмүнүн, Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Айтматов райондук ветеринардык башкармалыгынын, Айтматов райондук финансы башкармалыгынын, Айтматов райондук билим берүү бөлүмүнүн, Шекер, Маймак, Бакайыр, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай айыл өкмөттөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын, Жерди жана Сууну көзөмөлдөө кызматынын Талас аймактар аралык бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас территориалдык башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас территориалдык башкармалыгынын, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Талас башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү.

«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2024-жылдын 03 – 08-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районун Кайыңды шаарынын мэриясынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

Аталган күндөрү Талас облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 375 кызматкер тест тапшырды.

Талас шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 25-июнуна чейин өткөрүлөт. Дареги: Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 45, А.Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүүчү орто мектеби, жыйындар залы.

Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 500 227 270 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...