«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси флешмоб өткөрдү

2019-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгынын урматына флешмоб түрүндө чакан тест өткөрдү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын ж.б. мамлекеттик мекемелердин, о.э. БӨУ өкүлдөрү чакырылды.

Кошумча маалымат:

Флешмоб түрүндөгү чакан тестте катышуучуларга 5 субтесттен турган тест варианттары сунушталды. Ар бир катышуучу өз каалоосуна жараша тесттин түрүн тандап алып жатты.

Мында лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана окуп түшүнө алуу, оюн оозеки жана жазуу  жүзүндө билдире алуу көндүмдөрү бааланды.

Бардык 5 субтест боюнча тест жыйынтыгы тест бүтөр замат берилип турду.

Тесттин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга чакан белектер ыйгарылды.

Флешмобдун жүрүшү толугу менен «Кыргызтест» сайтында онлайн чагылдырылып турду.

Аталган иш-чара Бишкек шаарындагы «Бишкек Парк» соода борборунда саат 11:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлдү. Флешмобго жалпысынан 158 адам катышып, өзүнүн ой-пикирлерин, каалоо-тилектерин билдирип жатышты.







You may also like...