КЫРГЫЗТЕСТ: ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНДЕГИ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 10-майында КР Экономика жана коммерция министрлигинде «Экономика жана коммерция жаатындагы мамлекеттик тилдин абалы» аттуу жыйын болуп өттү.

       Жыйында КР Экономика жана коммерция министри Д.Д. Амангельдиев мамлекеттик тилдин министрликте колдонулушу тууралуу маалымат берди. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев «Экономика жана коммерция жаатындагы мамлекеттик тилдин абалы: иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, колдонулушу» тууралуу баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды. Ал эми «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская «Мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери» деген темада кенен баяндама жасады.

       Иш-чаранын соңунда кайрылуу кабыл алынды, анын ичинде «Кыргызтесттин» ишмердигине байланыштуу:

– КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы №758 токтомунун талаптарын аткаруу, т.а. мекеменин кызматкерлерин «Кыргызтест» системасынан толук өткөрүү жана сертификаты бар кызматкерлерден иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылуу.

       Жыйынга КР Экономика жана коммерция министринин орун басарлары жана министрликтин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

You may also like...