КЫРГЫЗТЕСТ: МЕКЕМЕДЕГИ ИШТЕР

2022-жылдын 18-июлунан 22-июль аралыгында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде «Бишкекбашкыархитектуранын», мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаарындагы орто мектептердин мугалимдери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.

2022-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К.О. Осмоналиев мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты. Тест жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгондуктан, Каныбек Осмоналиевичке тиешелүү сертификат берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана консулдуктарынын кызматкерлери үчүн онлайн тартибинде тест жүргүзүү улантылууда. Бейшемби күнү, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Женевадагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери тестке катышты.

Женева шаары

You may also like...