Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлык жарыяланды

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКО тарабынан 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» деп жарыяланып, 2000-жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар бир улуттун тилин сактоо, коргоо максатында эне тил күнү катары белгиленип келе жатат.

2023-жылдын 20-январында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата бир айлык өткөрүү боюнча жыйын болуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов 21-январдан 21-февралга чейин Кыргызстанда жашап жаткан бардык этностордун өкүлдөрүнө алардын эне тилин сактоо, үйрөнүүгө шарттарды түзүү максатында Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгын жарыялады жана тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берди.

Учурда мекемеде аталган тапшырманы аткаруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

You may also like...