КЫРГЫЗТЕСТ: ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ УЛАНУУДА

          Республикабыздын жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын арасында тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин жүргүзүү боюнча алгылыктуу иштер улантылууда. Атап айтсак, буга чейин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Ош мамлекеттик университетинин, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, ошондой эле Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Кыргызстан Эл аралык  университетинин профессордук-окутуучулук курамы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышкан эле.

          Бүгүн, 2024-жылдын 23-октябрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» 2023-жылдын 17-июлундагы №140 конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Эл аралык жогорку медициналык мектебинин (ЭАЖММ) администрациясы жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн аталган окуу жайдын Клиникалык симуляциялык борборунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрдү.

          Тесттен ийгиликтүү өткөн ЭАЖММ кызматкерлерине тест жыйынтыгы боюнча тиешелүү деңгээлдеги сертификаттар берилет.

You may also like...

casino siteleriDeneme BonuslarOnwincasibom girişcasino sitelericasibomcasibom girişholiganbetjojobet güncelbetturkey girişholiganbet girişcasibomcasibom sitesi