«Кыргызтест»‎ − Россия Федерациясында

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен «Эл аралык Эне тил күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген бир айлыктын иш планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде «Кыргызтест» системасы боюнча флешмоб түрүндөгү чакан тест өткөрүлүп жатат.
Бүгүн 2023-жылдын 12-февралында Элчиликтин кызматкерлери жогоруда аталган иш-чаранын алкагында кыргыз тилин билүү денгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүүнү башташты. Белгилей кетчү жагдай, жумуш күндөрү кызматкерлердин жарандарды кабыл алуусуна тоскоолдук жаратпоо максатында, сынактан өтүү дем алыш күнгө белгиленип, дипломаттар активдүү катышууда.
Ошону менен бирге, бул иш-чара Москва шаарында 15-февралга чейин улантыларын жана ага Москва шаарында жашап, эмгектенип жүргөн мекендештердин, ошондой Россия Федерациясынын Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (МГЛУ) студенттеринин да катышуусу пландалганын маалымдайбыз.
Мындан сырткары, мекендештерди флешмоб түрүндөгү чакан тесттен өткөрүү иш-чарасы ушул жылдын 16-17-февралында Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясында да ишке ашырылат.

Маалымат катары:
«Кыргызтест» системасы эл аралык стандарттарга шайкеш Элементардык (А1), Базалык (А2), Ортоңку (В1), Ортодон жогору (В2) жана Жогорку (С1) деңгээлдери боюнча иштелип чыккан.
«Кыргызтест» системасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет элдиктер (жарандык алуу үчүн) тест тапшырышат.
13-17-февралда тест кыскартылган форматта жүргүзүлөт. Мында «Лексика. Грамматика» субтестинен 20 тапшырма, «Окуу» субтестинен 15 тапшырма жана «Угуу» субтестинен 15 тапшырма берилет. Ар бир субтестке 15 мүнөт убакыт бөлүнөт. Жалпы сарпталуучу убакыт 45 мүнөт.

You may also like...