Ош шаарындагы флешмоб

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасын жүзөгө ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланган.
Аталган бир айлыктын алкагында 2022-жылдын 28-августунда Ош шаарынын “Нурзаман” соода түйүнүндө улуттук “Кыргызтест” системасын коомчулукка таанытуу жана жарандарыбыздын мамлекеттик тилибизди үйрөнүүгө кызыгуусун арттыруу үчүн атайын флешмоб өткөрүлдү. Флешмобго соода түйүнүнө келген Ош шаарынын тургундары, мектеп мугалимдери, окутуучулар, мектеп окуучулары жана мамлекеттик кызматкерлер катышышты.
Флешмобго катышкан адамдар өз пикирин билдиришип, каалоо-тилектерин айтышты. Катышуучуларга “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин чакан белектери жана “Кыргызтест” системасынын деңгээлдик талаптары берилди. Бир айлыктын алкагында каралган иш-чаралар ушундай эле нукта ырааты менен улантыла бермекчи.

You may also like...