КЫРГЫЗТЕСТ: ОШ ШААРЫНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТ

       2023-жылдын 02-07-октябрь күндөрү мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында жүргүзүлүп, жалпысынынан 371 адам катышты.
2023-жылдын 06-октябрында Ноокат районунун кызматкери тарабынан тест жүргүзүү тартибин бузуу учуру катталды. Тест тапшыруучу уюлдук телефонун колдонуу үчүн жашыруун алып кирүү менен тест эрежелерин одоно бузду. Тартип бузуу боюнча акт түзүлүп, кызматкер тест тапшыруудан четтетилди жана анын тест жыйынтыгы жокко чыгарылды.
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарындагы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышууну каалаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга 2023-жылдын 14-октябрына чейин иш жүргүзөрүн маалымдайт. Аталган тест Исанов көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башкы корпусундагы Электрондук китепканасында өткөрүлүп жатат.
Тесттен өтүүнү, деңгээлин жогорулатууну жана субтесттерди кайра тапшырууну каалагандар толук маалымат алуу үчүн 0998 779 914 телефону аркылуу байланыша алышат.

You may also like...