“ЗАМАНБАП КЫРГЫЗ ТИЛИ 2.0” ФОРУМУНУН АЛКАГЫНДА “КЫРГЫЗ ТИЛИНИН БИЗНЕСТЕГИ ОРДУ” ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын колдоосу менен «Тилимпоз» уюму, «Инновация» коомдук кыймылы, «Номад Колледж» мекемеси, Кыргыз Респрубликасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Заманбап кыргыз тили 2.0» аттуу форум болуп өттү.

Бул иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, ЖКнын депутаттары Ч.Айдарбеков, Н.Алимжанова, КР Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева, Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев, “Кыргызтест” мекемесинин директору Б.Топоева-Cтавинская катышып, ар тармактын өкүлдөрүн чогулткан форум кыргыз тилинин бизнестеги ордун талкуулоого арналды.

Иш-чара жалпы коомчулуктун, ошондой эле бизнес жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду. Негизги панелдик талкуу белгилүү эксперттерди жана ишкерлерди чогултту, алардын ичинде:

– Акбар Сүйүнбаев, “D Billions” компаниясынын жетекчиси.

– Сүйүн Откеев, “Этномедия” онлайн-кинотеатрынын негиздөөчүсү.

– Жодар Сайдилкан, Новотелдин инвестору жана ишкер.

– Миррахим Опош, “Sherden” брендинин негиздөөчүсү, философ жана дизайнер дагы бар.

Иш-чаранын катышуучулары өз тажрыйбалары менен эркин форматта бөлүшүп, кыргыз тили бизнестин ийгилигинин негизги фактору болуп, мамлекеттик тилде жарнама берүү, керектөөчүлөрдү тейлөө, маалымат алуу өнүгүп бараткандыгын белгилешти. Ага катар жакында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын ишке кирүүсү кыргыз тилинин бизнестеги ордун жогорулатмак. Буга байланыштуу, бул тармактагы айрым маселе, сапат жана жетишкендиктер тууралуу айтып берип, заманбап дүйнөлүк экономиканын шартында дагы көз караштарын ортого салышты.

“Бул форум өлкөбүздүн келечек ээлери болгон жаштар үчүн анын ичинде ишкерлер үчүн да чоң мааниге ээ. Андыктан, тилибизди күнүмдүк турмушта гана эмес, бизнес чөйрөсүндө жайылтуу да учурдун талабы”, – деп баса белгиледи Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев.

Мындан сырткары баяндамачыларга жана уюштуруучуларга Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептер жана Алкыш баракчалары тапшырылды.

You may also like...