КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ТИЛ САЯСАТЫ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ ТАРАБЫНАН ТИЛ КОРПУСУ ТҮЗҮЛӨТ

Бүгүн 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тил корпусун түзүү боюнча тапшырмасына ылайык кеңешме-жыйын өткөрүлдү.

 Жыйынга Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, Архив кызматынан, ЖОЖдордун, ММКлардын, китепканалардын, басмаканалардын, IT тармагынын өкүлдөрү катышып, жыйындын жүрүшүндө тил корпусун түзүү ишинин механизмдерин камтуу менен жобосун иштеп чыгуу маселеси каралды. Ушул жылдын аягына чейин болжолдуу 250 млн. ашык сөздү киргизүү боюнча иш мерчемделүүдө.

You may also like...