Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдерин Улуттук Программа менен тааныштырды

Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги борбор калаанын жалпы билим берүү мекемелеринин кыргыз тил мугалимдери үчүн семинар-кеңешме уюштурду.

Аталган иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу мерчемдери жана бул багытта КЫРГЫЗТЕСТ тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерине коюлган талаптар” менен тааныштыруу болду.

Семинар-кеңешмеде Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Мугалимдердин III съездинин жыйынтыгы боюнча каралган иш-чараларды белгилеп, 2016-жылы мектеп мугалимдери КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо сынагынан өтүшү керек экендигин, ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү да 2017-жылы башталуучу сертификаттык тестке даярдык катары мамлекеттик тил боюнча баамдоо тестинен өтөрүн белгиледи.

    
Ошондой эле семинарда КЫРГЫЗТЕСТ жетекчиси Батма Топоева-Ставинская семинардын катышуучуларына мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерине коюлган талаптар жана тесттен өтүү тартиптери жөнүндө маалымат берди. Семинарда мугалимдер КЫРГЫЗТЕСТтин өзүн-өзү баалоо баракчаларын колдонууга көнүгүшүп, суроо-жооп, талкууга өтүштү.

Семинарды жыйынтыктап жатып, КЫРГЫЗТЕСТ жетекчиси жаш мугалимдерге кесиптик жардам катары лексика-грамматика, угуу, окуу, жазуу, сүйлөө субтесттерден тест тапшырмаларын түзүүгө үйрөтүү семинарлары өткөрүлүп, дасыккан мугалимдердин ачык сабактарынын пландары топтолуп, апрель айынан баштап алар КЫРГЫЗТЕСТ сайтынын атайын баракчасына жайгаштырылып турарын айтып, мугалимдерди бул ишке активдүү катышууга үндөдү.
Мугалимдер жамааты Билим берүү жана илим министрлигине, КЫРГЫЗТЕСТ жамаатына ыраазычылык билдиришип, семинардын актуалдуу экендигин айтышты.

    

Эске салсак, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасында коюлган максаттарга ылайык, Кыргызстандык жана Кыргызстанда түрдүү тармакта иштеген же окуган чет элдик ар бир жаран 2018-жылдан баштап КЫРГЫЗТЕСТтен өтүүгө милдеттүү. 2017-жылдан баштап орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли В1ге дал келиши керек.

КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн маалыматтык кызматы

You may also like...