«КЫРГЫЗТЕСТ» КӨЧМӨ ТОБУ – ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНДА

«КЫРГЫЗТЕСТ» КӨЧМӨ ТОБУ – ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНДА
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында 2018-жылы башталган тестти 2019-жылдын графигине ылайык 25-марттан баштап Каракол шаарында улантты. Тесттин биринчи күнүндө бир нече мамлекеттик мекемеден 35 кызматкер келип, 2018-жылда өткөн тестин толуктап тапшырууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №279 токтомунун алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү тарыхында биринчи жолу мамлекеттик тил боюнча тест расмий түрдө жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жүргүзүлө баштады. 25-мартта тестке өз ыктыяры менен 140 окуучу катышты.

«Кыргызтест» системасынын тартибине ылайык окуучулар беш субтест боюнча тапшырмаларды аткарып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №279 токтомунун 3.6-пунктунда белгиленгендей: “Эң жогорку балл алган абитуриенттер окууга кабыл алынат. Бирдей балл алган учурда “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” спорттук наамы бар абитуриентке, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке жана “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилге ээ болгон деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификаты бар абитуриентке артыкчылык берилет.”

You may also like...