КЫРГЫЗТЕСТ 2018-жылдан тарта тастыктама бере баштайт

24-февралдан 2-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык мамлекеттик катттоо башкармалыгынын 200 дөн ашуун кызматкерлери КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен өтүштү.

КЫРГЫЗТЕСТке келген ар бир жаран өз каалоосу боюнча компьютердик тест аркылуу тил билүү деңгээлин текшерүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алар өзүн-өзү баалоо баракчасын толтуруу аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташып, анын жыйынтыгы менен компьютердик тест тапшырышты. Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин канчалык билери “Лексика. Грамматика”, “Угуп түшүнүү”, “Окуу”, “Жазуу” субтесттери аркылуу “А”, “В”, “С” деңгээлдери менен аныкталды.

    
КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Батма Топоева-Ставинскаянын билдирүүсү боюнча 2018-жылдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин милдеттүү түрдө тесттен өтүү жана аларга тастыктама (сертификат) берүү системасы жайылтылат. Бул багытта орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли В2 деңгээлине дал келиши керек.

    
Мамлекеттик тилди улуттар аралык карым-катнаштын тили катары коомдук турмуштун социалдык маанилүү чөйрөлөрүндө колдонуу менен катар көп тилдүү үзгүлтүксүз билим берүүнүн вертикалын калыптандыруу – мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программанын башкы максаттарынын бири.

You may also like...