КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ – КЫРГЫЗТЕСТТЕ

       Бүгүн, 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков «Кыргызтест» системасынын өнүгүүсүнө тиешеси бар инсан катары «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине келип, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу ыйгарым укуктуу мекемесинин иши менен таанышып кетти.
       Нуржигит Кадырбековду «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская тосуп алды. Эл өкүлү мекеменин жүргүзгөн иши, аткарган милдеттери, орун-жайы менен таанышты.
       Жолугушуудан кийин «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестин тапшырып, өзүнүн ой-пикирин билдирди.
       Жыш иш графигинен убакыт таап, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине атайын көңүл буруп келгендиги үчүн Нуржигит Кадырбековичке терең ыраазычылык билдиребиз!

You may also like...