ОШ, БАТКЕН ЖАНА БИШКЕК ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Ош облусундагы мобилдик тестти жыйынтыктап, Баткен облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү улантууда.

2023-жылдын 23-28–октябрь күндөрү Ош облусу боюнча Өзгөн районунун мамлекеттик кызматчылары, Ош шаарынын мэриясынын, КР Улуттук банкынын Ош облусундагы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү. Ал эми Баткен облусунда тестке Кызыл-Кыя, Лейлек, Баткен райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары тест тапшырышты.

«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2023-жылдын 23-28-октябрь күндөрү КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун, Сокулук районунун Фрунзенский айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтүнүн, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

Аталган күндөрү Ош, Баткен облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 552 кызматкер тест тапшырды. Баткен облусундагы мобилдик тест Баткен шаары, М.Салихов көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан В.И.Ленин атындагы орто мектебинин электрондук китепканасында өтүүдө.

Кошумча маалымат: Баткен шаарында мобилдик тесттер 2023-жылдын 19-ноябрына чейин өткөрүлөт. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 772 288 886 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...