КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

2022-жылдын октябрь айынын ичинде Кыргыз Республикасынын Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлери жана жалпы билим берүүчү № 32 орто мектебинин мугалимдери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестти өткөрүлүп, жалпысынан 463 адам тестке катышты. Ошондой эле окумуштуулук даражаны изденип алуучулар жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн чет өлкөлүк адамдар да тестке катышышты. Тест А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдери боюнча жүргүзүлдү. Тест жүргүзүү бекитилген графиктерге ылайык штаттык тартипте уланууда.

You may also like...