КЫРГЫЗТЕСТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНҮН УРМАТЫНА ФЛЕШМОБ

23-сентябрда Кыргыз Республикасы Мамлекеттик тил күнүн белгилейт. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил күнүнө карата Чүй мамлекеттик университетинде «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча бир айлыктын алкагында кезектеги флешмобду өткөрдү.

Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери жалпысынан 60 адам катышты. Тест тапшыруучулар электрондук тартипте тест жүргүзүү программасынын ыңгайлуулугун жана Кыргызстандын социалдык турмушунда, коомдук чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

КР Министрлер Кабинети тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган бир айлык мындан ары да улантыла бермекчи.

You may also like...