КЫРГЫЗТЕСТ: 2022-ЖЫЛДЫН 14–18-НОЯБРЫ

2022-жылдын 14-ноябрынан 18-ноябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын №8 Муниципалдык аймактык башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментинин; Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис»  муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлүп, жалпысынан 97 адам тестке катышты.

Тест жүргүзүү бекитилген графиктерге ылайык штаттык тартипте уланууда.

You may also like...