БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН СВЕРДЛОВ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК РАЙОНУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ ЖЫЙЫН БОЛДУ

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков, орун басарлары жана аппарат кызматкерлери, түзүмдүк мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

          КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Калкты тейлөө тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. 

You may also like...