КЫРГЫЗТЕСТ МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК ЛИНГВИСТИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ

       2023-жылдын 20-октябрында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская РФ РАО ЕАОКО Президенти, академик В.А. Болотов жана РАНХ и ГС профессору И.А. Вальдман менен жолугушуп илим жана билим жаатындагы маселелер боюнча пикир алмашты.
Ушул эле күндүн экинчи жарымында Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору И.А. Краева жана университеттин проректорлору, КМШ жана жакынкы чет өлкөлөрдүн тилдери жана маданияты кафедрасынын башчысы Ж.С. Хулхачиева менен жолугушуп, МГЛУда кыргыз тилин чет тили катары окуу процесси, Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү туурасында кызыктуу маектешүү болду.
Жолугушуунун башында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская жана кызматкерлери А.К. Супибекова, З.З. Иманалиева улуттук «Кыргызтест» системасы менен тааныштырышты. Андан соң ММЛУнун студенттери тестке кызыгуу менен катышып, кыргыз тилин жакшы деңгээлде билерин көрсөтүштү. Студенттер кыргыз тили эне тили болгон адамдар менен баарлашуу жана кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча талкууга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө кубанычта болушту.
Флешмобдун аягында «Кыргызтесттин» директору Б. Б. Топоева-Ставинская ММЛУнун жетекчилигине жана студенттерине кызыктуу жана жемиштүү иштери, кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуулары жана кыргыз элинин маданиятына болгон урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

You may also like...