«Кыргызтест» көчмө тобу Ош областында

«Кыргызтест» көчмө тобу Ош  областында

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №757 токтомун аткаруу максатында 2018-жылы башталган тестти 2019-жылдын графигине ылайык 27-майдан баштап Ош шаарында улантты.

       «Кыргызтест» жамааты мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин күн сайын үч нөөмөттө жүргүзүп, каттоодон өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн кабыл алып жатты.

       Аталган тестке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Казиевич Жылкыбаев да катышты. Ал 5 субтестти камтыган тест тапшырмаларын аткарып, мамлекеттик тилди мыкты деңгээлде билерин көрсөтө алды.

       Көчмө топтун ишинин жүрүшүндө 2018-жылдын тест жыйынтыгы боюнча Ош облустунун кызматкерлерине  райондордун өкүлдөрү аркылуу сертификаттар таркатылды.

       Тест жыйынтыгы менен  эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон кызматкерлер үчүн обладминистрация тарабынан атайын жолугушуу аземи уюштурулуп, сертификаттар жана 2018-жылы тестти уюштурууга өз салымын кошкон кызматчыларга ыраазычылык каттар расмий ыйгарылды.

       Бул расмий иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская сөз сүйлөп, куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты. Өз сөзүндө алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билүү ар бир кызматчынын милдети экендигин, ошондой эле расмий жана чет тилдерди билүүсүн тастыктаган сертификаттарга жетишүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жаткандыгын баса белгилешти.

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаевге жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын аймактарда (Ош, Жала-Абад) мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Телекмановага тестти уюштурууда көрсөтүп жаткан колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

You may also like...