КЫРГЫЗТЕСТ: 14-МАЙ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК  ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯСЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ

2018-жылдын 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык  өнүктүрүү министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери “Кыргызтест”  системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, тест тапшырышты.

Катышуучуларга мекеменин жетекчиси презентация жасап, кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Тест адаттагыдай эле, үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.
  

  

You may also like...